Мурдагы депутат жана “ҮМҮТ2020” элдик кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматова өзүнүн «Ютуб» каналында мандаттын өзүнүн жеке баюусу үчүн колдонгон жана мыйзамдарды өзүнүн бизнесин коргоп, аны өнүктүрүш үчүн ыңгайлаштырган бир канча депутаттардын атын атап, алардын кандай компанияларга ээлик кылгандыктарын көрсөттүп, сынга алды.
Анын айтымына ылайык, депутаттар буудайды импорттоо аркылуу 2015-жылдагы Парламенттик шайлоого кетирген чыгымдарын жаап, андан башка дагы 650 млн сом акча тапканга жетишишкен.