Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 3 адам жабыркады

Автор -

Бишкек-Ош унаа жолунун 116-чакырымында эки жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам жабыркады. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 22-сентябрь күнү саат 12:00 чамасында катталган. Анда Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа түштүктөн түндүккө карай бара жатып, машинанын тормозу иштебей калып, каршы тилкеде келе жаткан Субару Легаси унаасы менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен Хонда Фит унаасынан эки жүргүнчү, Субару Легасинин айдоочуcу жабыркап, ооруканага кайрылышкан. Алар амбулатордук жардам алып, андан ары жолун улашкан. Учурда бул жол кырсыгы боюнча бардык маалыматтар топтолуп, тийиштүү иштер аткарылууда.

Бөлүшүү