Өзгөн районунда изделип жаткан 15-жаштагы кыз табылды

Автор -

Өзгөн районунда дайынсыз жоголду деп изделип жаткан 15-жаштагы Нурдана табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрь күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлумүнө Мырза-Аке айылынын тургуну, ошол эле айылда жайгашкан М.Разаков атындагы №76-жетим жана ата-эненин көзөмөлсүз калган балдардын жатак мектептин тарбиячысы 1982-жылы туулган М.А.,Өзгөн РИИБнө арыз менен кайрылган.

Анда, 13-сентябрь күнү саат 18:00 чамасында М.Разаков мектебинин жатаканасынан 9-класстын окуучусу 2004-жылы туулган Райымжанова Нурдана чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болгондугун билдирген.

Өзгөн РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкери (КМК) тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде, 26-сентябрь күнү дайынсыз жоголгон Райымжанова Нурдана Ош шаарынан табылып, апасына өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда Н.Райымжанова мектеп интернатынан чыгып кеткендигин себептерин аныктоо максатында кошумча ыкчам иш-чаралар жүргүзүүүдө.