Биринчи Май райондук соту Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысын 8-октябрга чейин камакта калтырды.
Анын жактоочусу Замир Жоошев УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев төрт берене боюнча айыпталып жатканын билдирген. Тергөө иштери аяктагыча, ал Бишкектеги СИЗО-1 мекемесинде кармалып турмакчы.
Эскерте кетсек, 20-сентябрда УКМК Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкери Канат Сагымбаевди кызматынан бошотуп салганы белгилүү болгон. Экс-президенттин уулу Кадыр Атамбаев жана Сагымбаевдин жактоочусу Замир Жоошев анын кызматтан алынышына экс-президентти видео аркылуу туулган күнү менен куттуктаганы себеп болгонун жазып чыгышкан.