Туугандары дайынсыз деп эсептеген 21 жаштагы кыргыз жигитинин сөөгү Россиядан табылды

Автор -
203

Туугандары дайынсыз деп эсептеген 21 жаштагы кыргыз жигитинин сөөгү Россияда көмүлгөнү белгилүү болду. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын башында Ысык-Көл облусунун 50 жаштагы тургуну КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылып, бир жылдан ашык дайынсыз кеткен тууганын табышууга жардам сураган.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта. ‘]»21 жаштагы О.Б. аттуу тууганы 2017-жылдын аяк ченинде туугандары менен Россияга акча табуу максатында келген. Жакындары менен 2018-жылдын апрель айынын башында телефон аркылуу байланышкан. Кийин белгисиз себептер менен чалбай калган. Акыркы жолу аны «Шелковская» метросу жактан көрүшкөнү белгилүү болгон. Туугандары өз алдынча издеп, бирок таба алышкан эмес» [/ads-quote-center]

Кайрылуудан кийин ИИМ өкүлчүлүгү Россиянын аймактык укук коргоо органдары менен бирге ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштурушту.

Бирдиктүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2018-жылдын 12-апрелинде Москва шаарынын Измайловск паркында азият түспөлүндөгү эркектин (асынып өлүү) зомбулуктун белгилери жок өзүн-өзү өлтүргөн жансыз денеси табылып, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн өлүкканага жөнөтүлгөн. Белгисиз адамдын өздүгү такталып, ал туугандары дайынсыз жоголду деп эсептешкен 1998-жылы туулган О.Б. аттуу болуп чыкан. 2018-жылдын июнь айынын ортосунда эч ким издөөгө албагандыктан мамлекеттин эсебинен жерге берилген.

Азыркы учурда тиешелүү процессуалдык аракеттерди жүргүзүү менен окуя боюнча туугандары маалым болуп, эксгумациялоо жана жүк 200тү кичи мекенине жөнөтүү үчүн туугандары тарабынан зарыл болгон документтерди даярдоо жөнүндө маселелер чечилип жатат.