Аба ырайы: Эртеӊ көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Автор -
303

1-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 13…18,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,

Нарыноблусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 16…18° градус жылуу болот.

Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш маалымат тараткан.

ӨКМ аба ырайы тууралуу шашылыш маалымат таратты

Ал эми октябрь айында кандай аба ырайы күтүлөрү кызык болсо шилтемеден окуй аласыз.

Октябрь айында кандай аба ырайы күтүлөт- синоптиктердин жообу