Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келип, сүйлөй баштады

Автор -

Кой-Таштагы окуяда башына таш тийип, оор жаракат алган Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келип, сүйлөй баштаган. Бул тууралуу ИИМдин медицина кызматынын башчысы Нурдин Метеровго шилтеме берип kyrgyztoday.org жазды.

Агенттиктин маалыматына ылайык, Самат Курманкуловдун колу, буттары кыймылга келе баштаган. Ал сүйлөй алганы менен толук калыбына келе элек.

Эскерте кетсек, 7-8-августта, Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда, Самат Курманкуловдун башына таш тийип, оор жаракат алган. Ага эки жолу операция жасалып, бир нече күн комада жаткан. 11-августта Орусиядан дарыгерлер келип, консилиум өткөрүшкөн, ошондон кийин Москвага которулган.