Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Бешинчи каналды» сатыкка коюу жөнүндө демилге көтөрүп чыкты. Ушундай видеокайрылууну ал 1-октябрда Интернетке чыгарып, сунушту премьер-министрге жазуу түрүндө жибере турганын айтты.
«Бешинчи канал» 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаев бийликтен куулгандан кийин КООРТ каналынын базасында түзүлгөн. 2009-жылы аны кийинчерээк апрель окуясы боюнча айыпталып, он жылга сырттан эркинен ажыратылган Оксана Малеваная башкарган. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн декрети менен мамлекеттештирилген. 2011-жылы Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу максатында «Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.