КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 10-октябрь күнү саат 02:02де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Карамык, Шибе жана Жекенди айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
































