«Эйр Манастын» дагы 6 авиакаттамы жылдырылды

Автор -

«Эйр Манас» авиакомпаниясы бүгүн, 10-октябрда аткарыла турган Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча алты каттамдын учуу убактыларын техникалык себептерден улам жылдырды. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Өзгөрүүгө туш болуп токтотулган каттамдар:

193-каттам Бишкек-Ош, убактысы — 7:35
194-каттам Ош-Бишкек, убактысы — 9:50
195-каттам Бишкек-Ош, убактысы 18:45
196-каттам Ош-Бишкек, убактысы — 20:50
201- каттам Бишкек-Ош, убактысы — 23:00
202-каттам Ош-Бишкек, убактысы — 01:00

Маалымат ылайык, калган каттамдар ырааты менен аткарылат.

Белгилей кетсек, «Эйр Манас» ушуну менен акыркы эки айда каттамдарын үчүнчү жолу токтотуп, убактыларын жылдырып жатат.