Депутат: ӨКМдин жалгыз тик учагы боюнча жүрүп жаткан сөздөргө чекит коюу керек

Автор -

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Бактыбек Турусбеков КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жападан жалгыз тик учагынын абалына токтолду.

Анын айтымында, аталган тик учак 2008-жылдан 2013-жылга чейин ижарага берилип келип, 2013-жылы учуу ресурсу түгөнүп, иштен чыккан. Ал эми ижарага төлөнүп келген каражат дагы кайда жумшалганы белгисиз.

[ads-quote-center cite=’деген депутат Өкмөткө маселе койду.’]«Андыктан, бул тик учактын айланасында болуп жаткан сөздөргө чекит коюуга убакыт жетти»[/ads-quote-center]

Жыйын жүрүшүндө депутат Улан Примов Бишкек-Ош аба каттамында 3 каттам ишин токтотулганын айтып, өлкөнүн авиа тармагында абал оорлошуп бара жаткандыгы боюнча Өкмөткө коӊгуроо какты.

Мындай көйгөйдү улаган депутат Аида Касымалиева «Ачык асман» долбоору боюнча Өкмөт тарабынан эч кандай иш-чаралар аткарыла электигин сынга алды.