Ысык-Көлдө дайынсыз жоголду деген чет элдик жарандар табылды

Автор -

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголду деген Бельгиянын эки жараны табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аларга Бельгиянын 35 жана 32 жаштагы 2 жараны 9-октябрь күнү Каракол шаарындагы «Экстрим-Тур» дүкөнүнөн альпинисттик шаймандарды ижарага алып, Каракол капчыгайы аркылуу Ала-Көл көлүнө кетишкен бойдон дайынсыз жок болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Кечээ саат 21:00дө Бельгиянын Кыргызстандагы консулдугу, аталган жарандар аман-эсен табылганын билдирип, издөө иштерин токтотууну суранган