Журналист Мирбек Айтикеевдин кайда экени маалым болду

Автор -

КСДП саясий кеңешинин мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев үй-бүлөсү менен Швецияда экенин “Азаттык” жеке булактарына таянып жазды. Бирок, анын качан жана кандай жол менен өлкөдөн чыгып кеткени белгисиз. Азырынча тиешелүү расмий органдар бул маалыматты тастыктай элек.

7-8-августта Кой-Таштагы окуялардан кийин Мирбек Айтикеевдин кармалганы айтылып, бирок ички иштер министрлиги бул маалыматты төгүндөгөн. Айтикеев азырынча суракка да чакырыла элек экенин маалымдашкан.

Ага чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Мирбек Айтикеев журналист катары эмес, Кой-Таштагы окуяларга күбө болгон адам катары суракка чакырылышы мүмкүн деп билдирген.

Журналист Мирбек Айтикеев 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып кетүү үчүн келген күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күтүүсүздөн кирип келгенин биринчилерден болуп коомчулукка жарыялаган.

Бөлүшүү