Бишкектен барган 12 жаштагы Арсен Рахымбеков россиялык «Удивительные люди» шоу учурунда баарын таң калтырды.
Көрсөтүү кечээ, 20-октябрда «Россия-1» телеканалында эфирге чыккан. Кыргызстандык окуучу он орундуу сандарды 18 секундда кошуп, көрүүчүлөрдү айран таң калтырды.
[ads-quote-center cite=’деди Рахымбеков.’]«Мен эсепти аябай бат чыгарган бир баланы көрүп, шыктанып калгам. Иним экөөбүз анан менталдык арифметиканы үйрөнүп баштадык. Күн сайын жарышып, көрсөткүчтөрүбүздү жакшыртып турабыз. Эгер иним болбосо, мындай ийгиликке жетмек эмесмин»[/ads-quote-center]Арсен Рахымбеков учурда ал Бишкектеги эл аралык мектептердин биринде билим алат.
https://youtu.be/ZNthDuM2fww