Бишкекте шоколад уурдаган өспүрүм 8-кабаттан өзүн таштап каза болду

Автор -
262
11-октябрь Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 14 жаштагы Эмир Нурбеков 8-кабаттан өзүн таштап каза болгон. Бул тууралуу өспүрүмдүн атасы Нурбек Казаков «Супер инфо» порталына берген маегинде билдирген.
[ads-quote-center cite=’дейт атасы Нурбек Казаков.’]«Мыйзамда каралган, 14-жаштагы бала уурулук кылууга кызыгат, эгер ал  10 миң сомдон жогору суммада же имаратты бузуп,сындырып уурулук кылса гана жоопкерчиликке тартылат деп. Башка майда уурулук учун жоопкерчилик 16-жаштан жогору» деп жазылган. Күзөтчүлөр өзүм билемдик кылып, жанында турган милиция кызматкерин чакырбай, өздөрү жер төлөөгө алып кирип алып жазалаган. Ким билсин балким уурулукка айыптап, катуу айткан. Балам аны көтөрө албай өз жанына кол салды. Мен бул иштин дыккан териштирилишин каалайм»[/ads-quote-center]

Аталган гипермаркеттин күзөт кызматынын жетекчиси, «Милицияга билдирип ызы-чуу чыгарбай эле ата-энесин чакырып, эскертип коюуну туура көрдүк эле» деп билдирген.