Боомдо бус жоокерлер бараткан КамАзды сүзүп, бир офицер жабыркады

Автор -

Бүгүн, 29-октябрда Боом капчыгайында маршруттук такси аскерлерди ташыган КамАЗды сүзүп алган. Бул тууралуу Генералдык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкекти көздөй бара жаткан аскердик унаа капчыгайда таш түшүрүү иштери жүрүп жатканда токтогон. Унаада аскердик кызматка жаңы чакырылгандар болгон.

[ads-quote-center cite=’деп билдирди Башкы штаб.’]«КамАЗда аскердик кызматка жаңы чакырылгандар аскердик автоинспекциянын коштоосунда Бишкекке бара жатышкан. Аны ушул эле багытта кетип бара жаткан маршруттук такси сүзгөн. Жол кырсыгынан бир офицер жаракат алып, Кеминдин ооруканасына жеткирилген. Жол кырсыгынын себеби маршруттук таксинин тормозу иштебей калгандыгы болгон. Окуя боюнча Аскердик прокуратурага маалымат берилип, жеринде Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барып жатышат», [/ads-quote-center]