Бишкекте 11- кабаттан кулаган кыз оор абалда ооруканага жеткирилди

Автор -

Бишкекте 11- кабаттан кулаган кыз оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Кырсык бүгүн, 6-ноябрда борбор калаадагы Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Болжол менен 20-25 жаштардагы кыз жаңы салынып жаткан үйдүн 11-кабатынан кулап түшкөн.

Жабырлануучу дароо шаардык №4 ооруканага жеткирилди. Кыздын кандай жаракаттарды алганы, аты-жөнү, бийиктиктен атайылап секиргени, же кокустук болгону азырынча белгисиз.

Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатышат. Соцтармактарда кыздын кулаганга чейинки 11-кабатта турган тасмасы тарады.