Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан төрт киши каза тапты

Автор -

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы кырсык төрт адамдын өмүрүн алды. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 11-ноябрь күнү түш маалында кара жолдун 218-чакырымында болгон.

[ads-quote-center cite=’ЖКККББ’]«Унаа жолдон «Субару Импрезия» жана «Норд» унаалары кагышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен «Субару» унаасынын айдоочусу менен анын 3 жүргүнчүсү каза тапты. Дагы бир жүргүнчү райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Чогултулган материалдар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө берилди. Сотко чейинки өндүруш башталды». [/ads-quote-center]

Айрым маалыматтарга караганда, көз жумгандардын арасында төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу бар.