«Кумтөрдө» жоголгондорду издөөгө 92 куткаруучу тартылды

Автор -

Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр» кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, анын кесепетинен эки кызматкердин дайынсыз болуп жатканына байланыштуу атайын штаб түзүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кендеги кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча түзүлгөн штабга өлкөнүн тармактык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирди.

[ads-quote-center cite=’деп билдирди басма сөз кызматынан.’]«Кумтөр» ишканасынын табылбай жаткан эки кызматкерин издөө-куткаруу боюнча кендеги адистер менен биргеликте иш жүрүүдө. Ага ӨКМден 64 куткаруучу, ишканадан 28 куткаруучу, жалпысынан 92 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар түнү да издөө иштерин жүргүзүүдө», [/ads-quote-center]

1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери — бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кызматкерлер «Кумтөрдөгү» жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн.