Мамлекеттик ипотекалык компания насыялардын пайыздык чендерин төмөндөттү. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылат.
Маалыматка караганда, төмөндөтүү 2019-жылдын 1-ноябрынан тарта берилип баштаган насыяларга гана тиешелүү. Ага ылайык:
— эгерде зайымчы сатып алынуучу турак жайдын баасынан 10-20 % баштапкы төгүмүн камсыздаса — 8 % жылдык пайыздык чен;
— сатып алынуучу турак жайдын баасынан 20-30 % баштапкы төгүм камсыздаса- 7 % жылдык пайыздык чен;
— сатып алынуучу турак жайдын баасынан 20-30 % баштапкы төгүм камсыздаса — 6 % жылдык пайыздык чен менен берилет.
Жеке турак жай куруу үчүн :
— Курулуш мезгилинде жылдык-10% жылдык пайыздык чен.
— Турак жай курулушу аяктагандан кийин -6% жылдык пайыздык чен.
МИК буга чейин 5 миллиард сомго 4 миңден ашык ипотекалык насыя берген.