Жалал-Абадда 18 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектелип, эки жаран кармалды, алардын бири -17 жаштагы кыз. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-ноябрь күнү саат 11:30 чамасында Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникалык ооруканасынан милицияга чалып, 18 жаштагы жигитти белгисиз адамдар учтуу нерсе менен ичине сайышканын, ал жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн кабарлашкан.
Жбырлануучуга операция жасалып, ал денесинен алган жараатынан улам өзүнө келбей каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Маркум Сузак районунун тургуну, 2001-жылы туулган К.Т. аттуу жаран болгон. Окуя өспүрүмдөрдүн өз ара келишпестигинен улам келип чыккан.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 19 жаштагы тургунуУ.Д. жана Сузак районунун 17 жаштагы тургуну Н.А. аттуу кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.