ИИМ Зарылбек Рысалиевдин өлкөдөн чыгып кеткени боюнча түшүндүрмө берди

Автор -

Ички иштер министрлиги үй камагындагы Зарылбек Рысалиевдин Бириккен Араб Эмиратына кетиши боюнча түшүндүрмө берди. Анда Жогорку Кеңештин депутатынын өлкө аймагынан чыгышы мыйзамдуу экени айтылат.

[ads-quote-center cite=’дешти органдан.’]«2-ноябрда ИИМдин тергөө кызматы жактоочусунун өтүнүчү менен Рысалиевдин ден соолугуна байланыштуу Кытай Эл Республикасында дарылануусуна уруксат берген. Ошондой эле андан өлкөдөн чыкпоо милдеттендирмеси алынган»,[/ads-quote-center]

Эскерте кетсек, бүгүн Зарылбек Рысалиев президентти коштогон делегациянын курамында Бириккен Араб Эмираттарына кеткени тууралуу белгилүү болуп, бул коомчулукта таң калуу жараткан. Анткени, ушул жылдын 2-августунда Биринчи Май райондук соту депутатты үй камагына алган. Мыйзам боюнча, үй камагына алынган жарандар өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилет. Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иште шектүү катары өтүп жатат. Ал учурда Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болчу.