Бишкекте «Берекет универсал» базарынын сатуучулары нааразылык акциясын уюштурушту. Фейсбуктагы «Антитеррор» баракчасы окуядан түз алып көрсөттү.
Анда адамдардын бири бензин куюнуп, өзүн-өзү өрттөп жибере турганы менен коркутуп жатканы айтылат. Чогулгандар Бишкек мэри Азиз Суракматовдун келишин талап кылып жатышат. Ошондой эле жеринде милиция кызматкерлери, район акими жүргөнү кабарланат.





























