Кундуз Жолдубаева сурактан чыга элек

Автор -

КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева эртең менентен бери ИИМде сурак берип жатат. Бул тууралуу анын өзүнө таянып, Kaktus.media жазды.

Жолдубаеванын айтымында, иштин материалдары купуяланган. «Мени маалымат таратпоого милдеттендиришти. Андыктан, тергөө тууралуу эч нерсе айта албайм», -деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, сурак эртең менен башталган. Саат 14:00дө тыныгуу беришип, 14:30да кайра уланган.

Эскерте кетсек, Кундуз Жолдубаева 7-8-августта Кой-Таштагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн басып алуу учурундагы башаламандык боюнча иште күбө катары өтүп жатат. Буга чейин бир топ жолу ИИМге сурак берип чыккан.