Баткендин Көк-Таш айылында тажик-кыргыз чек арасында чыккан чырда тажиктер кыргыз аскерине ок атты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 18-декабрда эртең мененки саат 9:30да Көк-Таш айылында кыргыз, тажик жарандары сөздөн-сөз чыгып, уруша кетишкен. Кыргызстан тараптан сексенге жакын адам, Тажикстандан жүздөй адам топтолуп, бири-бирине таш ыргытып башташкан. Бул чыр эки тараптын жергиликтүү бийлиги, күч органдары тарабынан басылган болчу.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.’]«Бүгүн, 18-декабрда саат 11:30да тажик тарап кыргызстандыктарга таш ыргытып, кайра чыр баштаган. Ага жооп катары кыргыз жарандары тажиктерге тиешелүү эки унаанын терезесин талкалаган. 20 мүнөт өтпөй тажик тараптан куралдан ок атылып, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүмүнүн аскери жаракат алды. Азыр эки тараптуу сүйлөшүү токтотулган. Учурда тараптар чек арадагы өз элинин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат», [/ads-quote-center]Буга чейин Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу максатында Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси, чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев Баткен облусуна учуп кеткени кабарланган.