Алматыдагы кырсыкта жабыркаган кыргыз жаранынын абалы айтылды

Автор -

Алматыдагы учак кырсыгынан жабыркаган кыргыз жаранынын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 36 жаштагы К.М. кырсыктан кийин Алматы шаарынын №1 ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилген.

«Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун кызматкерлери ооруканага барып, ал жаранды көрүп келишти. Абалы канааттандыраарлык», -деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, бүгүн, 27-декабрда таңкы саат 7:22де Алматы−Нур-Султан каттамы менен бара жаткан учак кулап түшкөн. Учакта баш-аягы жүз адам болгон. Азыркы учурга карата, 15 адам каза таап, 66 адам ооруканада экени айтылат. Аман калгандардын арасында кыргыз жараны бар экени буга чейин маалымдалган.