АКШлык режиссер Рейчел Сайн Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу күрөш боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиондугун алган балбан кыз Айсулуу Тыныбекова тууралуу тасма тартты. Тасманын трейлери менен долбоордун кеп-кеңеш берүүчү продюсери Асель Шерниязова бөлүшкөн.
Анын айтымында, тасма Aisuluu: Against the Wind («Айсулуу: шамалга каршы») деп аталат.
«Мен аталган тасманы 2018-жылы тартып баштагам. Айсулуунун алдыга койгон максаттарына жетерин билгем. Мен дайыма анын эркине жана кыйынчылыктарга баш бербегенине таң берчүмүн. Айсулуу өз өлкөсүнүн гана эмес, бүтүндөй күрөш дүйнөсүнүн тарыхын кайра жазып жатат. Аталган тасма элдерге кызык болот. Азыркы тапта аны чемпион катары көрүү оңой, бирок бул жеңиштин артында турган 10 жыл талыкпас эмгек тууралуу көпчүлүк ойлоно бербейт. Кызыктарга бай жана ар бир адамга дем-күч бере турчу окуя менен ар бир адам менен бөлүшкөнгө шашылып жатам», — деп билдирген Сайн.