Бишкек шаарындагы Байтик Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгынан эки бала жабыркады, деп жазат 24.kg.
Маалыматка караганда, авария кечээ, 8-январда саат 16:15 чамасында болгон.
«Жүргүнчү ташыган Mercedes-Benz маршруттук такси Байтик Баатыр көчөсү менен түштүк тарапка багыт алып бараткан. Vefa соода борборунун жанынан айдоочу рулду башкара албай калып, алгач темир тосмону, анан бакты сүзгөн», -деп айтылат маалыматта.
Кесепетинде үч адам жабыркаган. Анын экөө — жаш балдар, алар Шаардык клиникалык балдар ооруканасына жеткирилген.
https://www.instagram.com/p/B7Fc9cXpMev/