«ЭлТР» телерадиокомпаниясында жетекчи алмашты

Автор -
«ЭлТР» телерадиокомпаниясында жетекчи алмашты. Өкмөт башчынын буйругу менен башкы директорлук кызматка Керимбек Калыкулов келди.
Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, Калыкулов Керимбек Акматалиевич 1981-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин филология
факультетин аяктаган.
Иш тажрыйбасы:
  • «Ош шамы» гезитинин башкы редактору;
  • Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси;
  • Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу;
  • Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясынын директору;
  • «Эркин Тоо» өкмөттүк гезитинин башкы редакторунун Ош облусундагы орун басары;
  • Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси;
  • 2014-жылдын июлунан бери Калыкулов Керимбек «Телеканал ОшТВ» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген.

Ал эми, буга чейин «ЭлТР» телерадиокомпаниясын жетектеп келген Айбек Мусаев берген арызына ылайык кызматынан бошотулганы айтылат.