Кыргызстан жана Тажикстан чек ара боюнча протоколго кол коюшту

Автор -

Кыргызстан жана Тажикстан чек ара маселелерин талкуулоонун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюшту. Бул туурасында өкмөт аппаратынан билдиришти.

Кечээ, 14-январда, КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин жолугушуусу өттү. Жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Протоколго ылайык:

  • Укуктук жумушчу топторго 2020-жылдын 15-февралына чейин 114 чакырым аралыктагы чек ара аймагын аныктоо боюнча макулдашылган позицияны берүү тапшырылды;
  • Топографиялык жумушчу топторго Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды 2020-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу тапшырылды;
  • Тараптар Чоркух — Ак-Сай — Ворух, Көк-Таш – Ортобоз унаа жолдорунда биргелешкен күзөтүн улантууга, Исфара-Ворух жана Баткен-Исфана унаа жолдорунун кесилишинде жол чырактарын, байкоо камераларын орнотуу чараларын көрүүгө макулдашышты;
  • Чектеш облустардын жергиликтүү бийлик органдарына окуяларга жол бербөө, ошондой эле чектеш райондордун калкынын зарыл маселелерин чечүү максатында түшүндүрүү-алдын алуу иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды;
  • Социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү, чыр-чатактардын алдын алуу максатында Баткен облусунун жана Согдий облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын ар тараптуу кызматташуусу активдештирилет;
  • Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды ЖМКларда чагылдыруу боюнча макулдашууларды катуу кармануу тууралуу бир пикирге келишти.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган кыргыз делегациясы бүгүн, 15-январда, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдоо максатында жергиликтүү калк менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.