Кыргызстандык мугалимдер эл аралык сынактан 3 медаль менен кайтышты

Автор -

Математика, физика жана информатика боюнча мугалимдердин жана олимпиадалык резервдин машыктыруучуларынын II Эл аралык «IMPACT Olympiad» ачык чыгармачылык конкурсунда кыргызстандык мугалимдер үч медаль утушту.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги тараткан маалыматка ылайык, сынак 8-январдан 12-январга чейин Казакстандын Алматы шаарында өттү. Конкурска КМШ мамлекеттеринин математика, физика жана информатика мугалимдери катышты.

Төрт мугалимден түзүлгөн Кыргызстандын командасынан Бишкектеги Чыңгыз Айтматов лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров коло медаль алса, ушул элек мектептин информатика мугалими Кылычбек Ураимов алтын медаль утту. Мындан сырткары Бишкектеги «Келечек» MIT мектебинин математика мугалими Махамадхан Ишматов күмүш байге алды.
Мугалимдердин жана машыктыруучулардын «IMPACT Olympiad» чыгармачылык конкурсу 2019-жылдын январь айынан бери уюштурулуп келет. Конкурстун максаты – таланттуу, кесипкөй, чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди колдоо.