Новониколаевка айылында мештен чыккан иске ууланып, ооруканага түшкөн бала өз алдынча дем алып баштады. Буга чейин ал жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан. Бул туурасында Чүй облусу боюнча саламаттыкты сактоо координатору Бактыгүл Мамытова билдирди, деп жазат Kaktus.media.
«Бала азырынча өзүнө келе элек. Бирок абалында бир аз жылыш бар», -деген ал. Дарыгерлер өспүрүмдүн баш мээсинде кандайдыр бир патология бар экенин божомолдошууда.
Эскерте кетсек, 15-январда Чүй облусундагы Новониколаевка айылында бир үй-бүлө мештен чыккан иске ууланган. 3 чоң киши каза таап,13 жаштагы бала ооруканага жеткирилген. Анын абалы оор экени жана комага түшүп калганы айтылган.