Депутат: Жеңиш Разаков тез арада элден кечирим сурасын

Автор -

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселеси боюнча митингге чыккандардан тез арада кечирим сурашы керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 22-январда парламенттин жалпы жыйынында айтты, деп жазат «Азаттык».

[ads-quote-center cite=’деди Жанар Акаев.’]«Чек арага жардам бергиле, тактап бергиле» деп чыккан элди «акчага чыккандар» деп атады. Бул — элди мазактоо. Разаков же сот алдында жооп бериши керек, же кызматын тапшырсын, же бүгүндөн калбай элдин алдына чыгып кечирим сурасын. Баткенден, айыл-ападан келип, радикалдуу сөздөрдү эмес, карапайым элдин талабын айтып жаткандарды «акчага чогулгандар» деп атады. Бул абдан чоң ката»,[/ads-quote-center]

Разаков 21-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып 15-январдагы Бишкектеги митинг акча менен уюштурулган деп эсептей турганын айткан:

[ads-quote-center cite=»]«Менин жеке оюмда, алар акча менен чыгарылган адамдар. Эгер «кимдин адамы көп» десеңер мен да адамдарымды чыгарып көрөйүн. Баткенди көтөрөйүн, анда биз элди көтөрүп эле жүрө берели. Мен мамлекеттик кызматкермин, мага андай болбойт».[/ads-quote-center]

Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шектүү катары 11-январда кармалган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алды.

15-январда Жогорку Кеңештин алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү, Көк-Ташта кармалгандарды бошотуу тууралуу талап менен нааразылык акциясы өткөн. «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев акцияга чыккандар бийликке алты талап коюп жатышканын, арасында Разаковду кызматтан алуу жөнүндө талап да бар экенин айткан.