Кумтөр кенинде ишти улантууга уруксат берилди

Автор -

«Кумтөр Голд» компаниясы тоо-өндүрүш иштерин улантууга уруксат алды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Тоо-металлургия кесиптик кошуундарынын борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.

Тажибаевдин айтымында, ишкана 2020-жылга Кумтөр кенинде тоо иштерин жүргүзүү планын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен макулдашты.

Кен чыга турган №3 жайдагы авариядан кийин бош тоо тек эми «Чоң-Сары-Төр» жана «Кичи-Сары-Төр» тилкелерине төгүлмөй болду.

«Учурда компания тоо-өндүрүш иштерин кайра улантууга даярдык көрүп жатат. Жумушсуз отурган 500 адам кезмет боюнча ишке кирише баштайт»,- деди Тажибаев.

2019-жылдын 1-декабрында Лысый мөңгүсүнүн жанындагы жер катмары көчүп түшкөндө ал жерде иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон. Аларды издөө 9-январда токтотулду.

Ушул окуяга жана иштөөгө уруксат жоктугуна байланыштуу быйыл 3-январда кен чыгуучу жерде иш расмий түрдө убактылуу токтотулган болчу.