Журналист вице-премьер-министрди сотко берди

Автор -

Жарандык активист Самат Алиев жана журналист Канышай Мамыркулова вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сотко беришти. Бул туурасында Мамыркулова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Мамыркулова Жогорку Кеңештин алдында эки жолу болуп өткөн «Баткенди колдойбуз» аттуу митингдерге өзү да катышканын, ал иш-чаралар мыйзамга ылайык өткөнүн билдирет.

«21-январда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «13-январда парламент алдында өткөн митинг акча менен уюштурулган. Менин жеке оюмда, алар акча менен чыгарылган адамдар» деп айтты. Мындай куру айып менен ал менин жарандык ар-намысыма жана адамдык кадыр-баркыма шек келтирди. Мындан улам, жоопкерден 5 миллион сом айып төлөп берүүсүн талап кылам», -деп айтылат арызда.