Ош шаарында 3 кыздын бычакталуусу. Айыпталуучуга кандай өкүм чыкты?

Автор -
301

Ош облустук соту 3 жаш кыздын бычакталуу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишин карап, шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

2019-жылдын 5-июнунда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына бычактан жаракат алган 3 кыз  келип түшкөн. Окуя тууралуу милицияга кабар берилип, териштирүү иштери башталган.

Тергөөдө шектүү катары кармалган Жыпара (аты өзгөртүлдү, К.Ж.А.) 2019-жылы 5-июнга караган түнү саат 3:30 чамасында Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө бейтааныш кыздар менен уруша кетип, колундагы сыранын бөтөлкөсү менен бирин  колуна уруп, үйүнөн ала чыккан бычак менен сол бутунун санына, экинчи кызды оң бутунун балтырына, үчүнчүсүн көкүрөк тушуна сайып жибергени белгилүү болгон. Соттук-медициналык экспертиза эки кыздын жаракатын анча оор эмес, үчүнчү кыздыкын жеңил жаракат катары баалаган.

Сот отурумунда Жыпара окуя болгон күнү үйүндө отурса ага тааныш кызы телефон чалып, эс алып келүүнү сунуштап, Наргизаны (аты өзгөртүлдү, Н.) да ала кел деп айтканын билдирди. Жыпара Наргизага телефон чалып, эс алып келүүнү макулдашышкан. Бирок бир аздан кийин Жыпара Наргизага чалганда телефондон башка кыздар жооп берген. Жыпара алардан телефонду Наргизага берүүнү суранган, бирок кыздар макул болбой, өз ара уруша кетишкен. Бир аздан кийин Жыпарага Наргиза телефон чалып, анын үйүнө бара жатышканын айтып, сыртка чыгып турууну суранган. Жыпара кыздардын көп экенин билип, чыр чыгып кетсе аларды коркутуп коюу максатында жанына бычак алган. Ал унаадан көп кыз түшүп, алардын бирөөсү «телефондон сүйлөшкөн кыз сенсиңби» деп анын чачынан кармап жерге жыгып, уруп жатканда өзүн өзү коргоо үчүн бычакты шилтегенин айтты.

Буга чейин ишти караган Ош шаардык соту Жыпараны Жазык кодексинин 139-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айып салып, 3 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 1 жылдык мөөнөт менен пробациялык көзөмөл колдонулуп, эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн бошотулган.

Облустук сотко кайрылган прокурордун орун басары К.Токтосунов тергөө учурунда Жыпара күнөөсүн толугу менен мойнуна алганын, ал эми сот отурумунда күнөөсүн мойнуна жарым-жартылай алганын, жабырлануучу С.Р.нын жаракаты боюнча укуктук баа берилбей калганын билдирди. Ошондуктан шаардык соттун өкүмүн өзгөртүп, Жыпараны Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту менен күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү суранды.

Соттук коллегия материалдарды карап чыгып, Ош шаардык сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.