Бишкекте маршруттук таксилердин кагышуусунан окуучу бала жаракат алды

Автор -
204

Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук таксилердин кагышуусунан окуучу бала жаракат алды. Бул туурасында Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 24-январда болжол менен саат 07:40 чамасында орун алган. Анда калаадагы №138 жана №212 багытында жүргүнчү ташыган маршруттук унаалар сүзүшкөн.

«Маршруттук унаалар Чүй кең көчөсү менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинен сүзүшкөн. Айдоочулар окуя болгон жерден белгисиз тарапка кетишкен.
Кырсыктын кесепетинен унаалардын биринин 2005-жылы туулган А.Ж. аттуу жүргүнчүсү жаракат алып, №3 балдар ооруканасына кайрылган.
Кечээ, 27-январда милиция кызматкерлери тарабынан №138 маршруттук таксинин айдоочусу 1998-жылы туулган Б.М. жана №212 маршруттук таксинин айдоочусу 1970-жылы туулган Г.А. кармалды», — деп билдирет басма сөз катчысы.

Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.