Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарын улантууда, деп билдиришет президенттик аппараттан.
Бүгүн, 6-февралда мамлекет башчысы жумушчу сапары менен Чүй облусуна барат.
Жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушууну өткөрөт.
Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков кайра иштетүүчү жана айыл чарба ишканаларынын ишмердиги менен таанышат.