Москва шаардык соту 44 жаштагы түбү кыргызстандык Нурлан Муратовду полиция кызматкеринин өлүмүнө күнөөлүү деп таап, 18 жылга абакка кести. Бул туурасында ТАСС жазып чыкты.
Эскерте кетсек, 2018-жылы 2-сентябрдан 3нө караган түнү Москвада полиция кызматкери Андрей Райский киши колдуу болуп, каза тапкан. Ал жолдон өтүп бараткан кишини токтотуп, документ сураган. Сүйлөшүү учурунда эркек киши ажатканага суранып, полиция кызматкери кое берген. Анын көпкө жоголгонунан шекшип, Райский ажатканага кирип барганда, кылмышкер ага кол салып, тапанчасын тартып алып, эки ирет башка аткан.
Кылмыштын изи сууй электе колго түшкөн киши Оренбургда жашаган Нурлан Муратов болуп чыккан. Анын жеңилдетилген шартта Россия жарандыгын алган мурунку кыргыз жараны экени айтылган.
Ага «Укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.