Бишкекте автоунааны уурдап качканга шектелген жаран Бишкек-Ош жолунан кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 11-февраль күнү саат 15:30 чамасында Бишкек шаарында алтын түстүү «Дэу-Матиз» унаасы уурдалгандыгы тууралуу маалымат милицияга келип түшкөн. Ошол эле күнү Москва ОИИБи жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2002-жылы туулган Н.А. аттуу айдоочу саат 17:00 чамасында Бишкек-Ош автожолунда, тагыраагы, Беловодское айылында аталган унааны айдап бараткан жеринен токтотулган.
«Документин текшерүү учурунда жана айдоочуну суракка алганда, ал унааны уурдап качкандыгы белгилүү болгон. Айдоочу Москва РИИБинин тергөө бөлүмүнө киргизилген», — деп жазылат маалыматта.