Бишкекте «Некст Строй» жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлү 7 миллион 900 миң сом акча алганга шектелип кармалды. Маалыматты бүгүн, 20-февралда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Т. Шерматов 2018-жылы «Некст Строй» ишканасынын кызматкери болуп турганда, Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу «Жеңиш» сейил багын реконструкциялоо үчүн аталган аймактын айыл өкмөт башчысынан 7 миллион 900 миң сом акча алган. Каражатты алгандан кийин ал убадасын аткарбай качып жүргөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталган.
«Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо мүмкүн болгон эмес. Мындан улам аны сыртынан кылмышка шектүү деп жарыялап, камакка алып, издөө жарыяланган. 15-февралда Финполдун жана ИИМдин кызматкерлери шектүү делинген жаранды колго түшүрүшкөн. 17-февралда Биринчи Май райондук соту тарабынан шектүүнү 2 айга камакка алуу чечими чыкты», — деп жазылат маалыматта.