Атамбаевдин кан басымы эмнеге төмөндөп жатканы белгилүү болду

Автор -

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кан басымы төмөндөп кетүү себебин камактагы тарапташтарын ойлоп, санаага батып жатканы менен байланыштырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков 21-февралда Атамбаев менен жолугуп чыккандан кийин тарапташтарына билдирди, деп жазат «Азаттык».

«Күнөөсү жок суракта жүргөн, камакта жаткан балдарымды ойлоно берип түнкүсүн аябай түшүп кетип жатат. Мындай болчу эмес. Бирок аягына чейин чыдайм» деп айтты. Турганда ордунан жыгылып кете жаздаганын баарыбыз эле көрдүк», -деди Момбеков.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаттар тобу 21-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Атамбаевге жолугуп чыгышты.

Жолугушууга барган депутаттардын катарында Мурадыл Мадеминов, Карамат Орозова, Асел Кодуранова, Рыскелди Момбеков, Анвар Артыков жана Мухтарбек Айнакулов бар. Алар кирип чыкканга чейин мурдагы президенттин 50 чакты тарапкери УКМКнын имаратынын жанында топтолуп турушту.

Атамбаевдин кан басымы төмөндөп, ден соолугу начарлап жатканын бир нече күн мурда балдары жана адвокаты айтып чыккан.