Кытайда коронавирус эпидемиясы эң жогорку чегинен өттү. Бул туурасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус билдирди. Уюмдун вирустун очогунда болгон эксперттеринин маалыматына караганда, ал январдын аягына туура келди.
Азыркы учурда COVID-19 менен болгон жагдайды глобалдык пандемия деп атоого болбойт, деди Гебрейесус.
«Италия, Иран жана Түштүк Кореядан келген көрсөткүчтөр абдан тынчсыздандырып жатат, бирок азыр кеп ар башка өлкөлөрдөгү эпидемия тууралуу болууда. Пандемия деп жаңы вирустун бүт планетага тарап кетишин айтат», — деп кошумчалады Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы.
«Немецкая волна» билдиргендей, Уюм коронавирус тууралуу бир нече факт келтирди. Алсак, азыркы учурда вирустан өлгөндөр 0,7 пайызды түзөт, илдеттин жеңил белгилери байкалган бейтаптар эки жумада, оорлору 3-7 жумада айыгып жатышат.
Дүйнөлүк олуттуу уюмдун мындай билдирүүсүнөн кийин ар кандай дүрбөлөң жараткан маанайлар басаңдашы керек эле, бирок элдер дагы деле кооптонуп жатышат жана эң коркунучтуусу – бул бардык өлкөлөрдүн ички жана сырткы саясатында чоң көйгөйгө айланышы мүмкүн.
Мындай кымгууттук ички саясатта расизмди жана ар кандай шектенүүлөрдү жаратат, алар бара-бара ачык душмандык кылууга айланат. Мунун баары керек болсо, жарандык кагылышууга алып келет.
Украинанын Новые Санжары шаарчасында болгон окуяны эле алалы, ал жакта жергиликтүү калк ар кандай манипуляцияга алдырып жана жөө жомокторго ишенип алышып, өздөрүнүн эле мекендештерин «ысык» тосуп алышты. Жана ошол күнү Украина чынында эле «улуттук кабыл алуу күнүн» баштан өткөрдү.
Украинага вирустун өзүнө караганда, чуусу бат жетти, алгач ал Батыш Украинаны каптады. Ал жакта элдер Кытайдан эвакуацияланып келгендерди карантинге жайгаштырып жатышканы тууралуу ушактардан улам блокпостторду коюшуп, өлүм тууралуу кыйкырып жатышты.
19-февралда кечке жуук дүрбөлөңгө түшүү эстафетасын Новые Санжары шаарчасындагылар улантышты, ал жакта да Кытайдан келгендер жергиликтүү санаторийге карантинге жаткырыла турганы тууралуу ушак пайда болду.
Жергиликтүү тургундар алардын шаарчасын Жаңы Уханга айландырууну каалап жатышканы тууралуу айтып башташты.
Бийликтин өз убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөнү жергиликтүүлөрдүн бурмаланган маалыматты соцтармактардан алуусуна себеп болду. Адамдар өздөрү кийин бул тууралуу бизге ачык айтып беришти.
«Социалдык тармактардан билдик», — дешти бизге «чет өлкөлүк жугуштуу илдет менен» күрөшүүчүлөр.
Же, ошол эле Украинадагы башка бир фактыны алалы, айылдардын биринде Кытайга барып келген үй-бүлөнү кодулап башташты. Бул үй-бүлө оор илдетке чалдыккан баласына шыпааны кытайлык дарыгерлерден гана тапкандыктан, ар жыл сайын баланы Кытайга алып барып турушчу экен.
Ошол эле учурда адамдар соцтармактар аркылуу бул жомокторду жокко чыгара турган көп нерселерди окушпайт, алар коркунучтуу, үрөй учурган окуяларды каалашат. Өзгөчө зомбилер жана апокалипсис тууралуу сериалдарды көрүп алгандар. Бул адам баласынын табиятына мүнөздүү нерсе, жана муну саясатчы, жада калса мамлекеттик аткаминер сыяктуу көз боёмочулар жакшы билишет. Өзүнүн каталарын жана иштин көзүн билбестигин коронавирус көйгөйүнө шылтап коюу оңой эмеспи. Ал эми Борбор Азияда, жадагалса, мурунку СССР аймагында «кытай коркунучу» темасы абдан жакшы иштейт, азыр ал тема Вашингтондун региондогу мамлекеттердин тарыхый соода өнөктөшүн сүрүп чыгаруу каалоосунан улам суроо-талапка ээ болуп турат.
Өткөн жумада социалдык тармактарда Бишкектин ооруканаларынын бирине коронавируска шектелген кытай жараны жаткырылганы тууралуу катуу талкуу болду. Кийин Саламаттык сактоо министрлиги дене табы көтөрүлгөн кытай жараны жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылып, анализдери чыккандан кийин үйүнө чыгарылганын билдирди.
Нарын облусунда болсо, жергиликтүү жашоочулар Түндүк-Түштүк жолун салып жаткан кытай жумушчуларына чара көрүүнү талап кылып митинг өткөрүштү. Тактап айтканда, аларды өлкөдөн чыгарып ийүүнү талап кылышты.
Мунун баары өлкөдөгү дүрбөлөңдүн кесепети, ал мамлекеттин жыргалчылыгына коркунуч жаратышы мүмкүн.
Жумушсуздук, ачкачылык жана жакырчылыктын өсүшү менен коштолгон көпчүлүк катаал экономикалык кризистер көп учурда көбүртүп-жабыртылган дүрбөлөң маанайдын кесепети болгонун эстетүүнүн кажети барбы. Баарына белгилүү болгондой, экономикалык кумгууттук кимдир бирөөнү жакыр кылат, башкасын байытат. Ал эми бул дүрбөлөң маанайды жайылтууда колдо бар курал — жөнөкөй эл.
Мисалы, мамлекеттик эмес банктар. Мындай банктарда бир маселе жаралышы мүмкүн болуп жатканы (бул ойдон чыгарылган болушу мүмкүн) тууралуу түз, же кыйыр түрдө элге тарайт. Муну уккан жөнөкөй жаран эмне кылат? Ал акчасын чыгарып алууга банкка шашат. Эң ийгиликтүү иштеп жаткан банк да мындайда салынган акчасын алып, эсебин жабууга ашыккан кардарлардын агымына туруштук бере албай калат. Кийинки дүрбөлөң соода жагында жаралат, же жаралды. Жаран дүкөнгө чуркап, текчедеги азык –түлүктөрдү шыпырып кете баштайт. Мындай көрүнүштөрдөн кийин сөзсүз түрдө биз буга чейин башыбыздан кечирген бардык кесепеттери менен коштолгон баанын жогорулашы күтүлөт…
Азыр да ушундай болуп жатат. Эмитен эле Кыргызстанда жана бардык аймактарда товарлар кымбаттай турганы тууралуу сөздөр чыгып жатат. Ошол эле учурда, кырдаалды кылдат баалоо зарыл болмок.
Кытайда өкмөт эпидемиянын өлкө ичине гана эмес, сыртына да жайылышын алдын алуу үчүн бардык күчүн жумшады. Пекиндин аракетин көп мамлекеттер жана эл аралык уюмдар жогору баалап жатышат, анткени алар дүрбөлөң дүйнөлүк экономиканы алсыратып, олуттуу саясий кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин жакшы түшүнүшөт.
Айрым мисалдар. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кытай бийлигинин эпидемияга каршы кабыл алган чараларын жогору баалай турганын айтып, коронавирус менен күрөшүүдө Кытайга колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон британ тарап коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча Кытай өкмөтүнүн ишин толугу менен колдой турганын айтып, Кытай менен кызматташууга даярдыгын билдирди. Анын ичинде – кытай дарыгерлерине жардам көрсөтүү жолу менен. БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Кытай коронавирус менен күрөшүүдө таасирдүү күч-аракет жумшаганын билдирди. Ошондой эле, БУУ кытай өкмөтү жана кытай эли тараптан эпидемияга каршы туруу үчүн кабыл алынган чараларды чечкиндүү колдой турганын маалымдап, брдык мамлекеттер эпидемияга каршы бирдикте иш алып барарына үмүттөнөрүн билдирди.
Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү Фейсбук, Твиттер жана башка белгилүү соцтармактардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, аларды фейк менен күрөшүүгө чакырышты.
«Биз жөн гана эпидемия менен күрөшүп жаткан жокпуз. Биз маалыматтык эпидемия менен күрөшүп жатабыз, — деди Уюмдун жетекчиси Мюнхендеги коопсуздук боюнча эл аралык жыйын учурунда. – Жалган жаңылыктар коронавирустан да ылдам жана оңой тарап жатат, мунун кооптулугу вирустан кем эмес». Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму соцтармактарга жана издөө системаларына кайрылып, фейктерге каршы турууга үндөдү.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму АКШнын эпидемия тууралуу маалымат берүү жана көрүлгөн чаралар чабал болуп жатканы туурасында Кытайдын дарегине жаңырган жемелери менен макул эмес. «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңсеси ал жакта тээ башынан бери иштеп жатат. Биздин өкүл жана адистерден турган топ Уханга көп жума мурун барышып, жеринде иш алып барышууда. Биз биз менен кызматташып, эл аралык эксперттерди чакырып, бүт дүйнөгө вирустун геному тууралуу маалымат берип жана чет өлкөлүктөр менен кызматташууну улантып жаткан өкмөт менен иш алып барып жатканыбызга ишенебиз», — деп билдирди ДССУнун Саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдар программасы боюнча аткаруучу директору, доктор Майкл Райан.
24-февралда Уюмдун жогорку даражалуу өкүлү Брюс Эйлворд Кытайдын эпидемия менен күрөшүүсүнө баа берди.
«Биз Ухань тургундарынын кошкон салымын түшүнүшүбүз керек, бүт дүйнө силерге карыздар. Мен эпидемиядан кийин дүйнө элинин атынан ухандыктарга ыраазычылык билдирүүгө мүмкүнчүлүгүм болот деп үмүттөнөм. Бул эпидемия менен күрөшүүдө кытайлыктар чоң салым кошконун билем», — деди Брюс Эйлворд.
Пекиндин өзүндө коронавирус темасын талкуулоо маселесинде ачык экенин билдиришүүдө жана ишти улантып жатышат, ал иш кытайлыктардын гана эмес, Жер бетиндеги бардык жашоочулардын ден соолугун коргоого багытталган.
Мына ушунун баарынан бир гана жыйынтык чыгарса болот.
Сөзсүз түрдө коронавирус тууралуу жомоктордон жаралган дүрбөлөң коронавирустун өзүнөн чоң зыян алып келиши мүмкүн, анда биз өзүбүз жаратып алган кесепеттерге туш келебиз.