Өкмөт коронавируска байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизди

Автор -

Кыргыз өкмөтү коронавирус боюнча кырдаал жакшырганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришет.

Анда коронавирус инфекциясына (COVID-19) байланыштуу маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилгени айтылат. Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

«Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында кабыл алынды.

Соода, кардарларга кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу жайларында чектөө алынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул жайларда аба тазалагычтарды орнотуу жана кызматкерлер менен кардарларды дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталат», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана башка административдик ведомстволорго мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мекемелерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.