Кытайдын Юньнань привинциясында сырдуу хантавирустан каза тапкан алгачкы учур катталды. Бул туурасында чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.
Эркек киши чартердик автобус менен кошуна айылга бара жатканы айтылат. Капыстан каза тапкан кишинин өлүмүнүн себебин дарыгерлер бат эле аныктап коюшту — хантавирустук өпкө-жүрөк синдрому.
Бул оору хантавирус катары белгилүү вирустан пайда болот.
Автобустагы калган 32 жүргүнчү дароо карантинге алынды. Азырынча алардын арасында оору жуктуруп алгандар бары-жогу белгисиз.
Бул эмне:
Хантавирустук өпкө-жүрөк синдрому — хантавирустан улам пайда болгон оор респиратордук оору.
Бул вирус кемирүүчүлөрдө болот, алардын заарасында калып, аба аркылуу жугат.
АКШнын жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, бул ооруну саламаттыгы чың адам дагы жуктуруп алуу тобокелчилиги өтө жогору.
Хантавирустун алгачкы белгилери көпчүлүк респиратордук ооруларга окшош — баш оору, шалдыроо, жөтөл, тамак сиңирүүдөгү кыйынчылык, кусуу. Азырынча бул вируска каршы дары же вакцина жок.