Бишкекте унааларды жана адамдарды дезинфекциялоочу туннель өндүрүлдү

Автор -

Бишкектеги цехте автоунааларды жана жөө жүргөндөрдү дезинфекциялоочу  алгачкы эки автоматташтырылган туннель өндүрүлдү. Бул тууралуу ишкер Жоодар Сайдилканов өзүнүн  Facebook баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, бул жабдык Бишкектеги Covid-19 пандемиясына каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабга акысыз тапшырылат.

«Ошондой эле адамдарды контактсыз түрдө тесттен (анализ Covid-19) өткөрүү үчүн кабиналарды да өндүрө баштаганы турабыз», — деп айтылат билдирүүдө.