Коменданттык саатты 110 адам бузду, көбү — Бишкекте

Автор -

Өлкөнүн коменданттык саат киргизилген аймактарында өткөн түнү эреже бузган 110 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-апрелге карата өзгөчө  абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу  райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана  Жалал-Абад шаарынын, Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында 21.00дөн  эртең мененки 06.00гө чейин коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 110 жаран  жеткирилди.

Алардын ичинен: Бишкек шаары– 82, Ош шаары -13, Жалал-Абад шаары-2,
Сузак району-8, Нарын шаары-4, Ат-Башы району-1.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин
бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3 837 жаран  коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен
кармалды.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилди. Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 325 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.