Британия коронавирустан каза болгондордун саны боюнча Италиядан ашты

Автор -

Британияда COVID-19 илдетинин курмандыктары 29 420 кишиге жетти. Ал эми Италияда 29 315 киши бул вирустан көз жумду. Би-Би-Си Британияда эпидемия Италияга караганда тез жайылганын белгиледи.

Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб өлкөдөгү реалдуу толук абал жөнүндө пандемия аяктаганда гана айтууга болорун билдирди.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча 3 млн. 659 миң адамга коронавирус жугуп, анын 256 928и көз жумду. Индияда илдетти жуктургандар жана каза болгондордун саны көп болуп жатканына карабай обочолонуу жана карантин чараларын жумшартууда. Бул өлкөдө 49 миң киши COVID-19 илдетине чалдыгып, 1600ү каза тапты.