ЖАМК: №1 СИЗОдо коронавируска шектелген кызматкердин анализи таза чыкты

Автор -

Бишкектеги №1 СИЗОдо кызматкерлердин бири коронавирус жугузууга шектелип, бирок анализи таза чыкты. Бул туурасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти.

Маалыматта, мекеме 4-май күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте COVID-19  илдетин эрте аныктоо максатында Бишкектеги №1 тергөө изоляторунда ыкчам текшерүү жүргүзгөнү айтылат. Анда бир кызматкердин тести күмөндүү чыккан.

«Бирок, кийинки күнү, 5-майда, анализ кайталанганда, ПЧР анализдин натыйжалары терс болуп чыккан. Ошого карабай, кызматкер менен байланышкан адамдар жана №1 СИЗОнун бардык кызматкерлери, ошондой эле кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрү менен тиешелүү чаралар көрүлдү, бардыгынын анализдеринин жыйынтыктары терс», -деп билдиришет ЖАМКтан.

Ага карабастан, учурда вируска шектелген кызматкер медициналык көзөмөл астында өзүнчө изоляциядан өтүүдө.