Ысык-Көл: коронавирус аныкталган 2 жаран сырттан келген

Автор -
491

Бүгүн, 11-майга карата Кыргызстанда дагы 14 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын эки учуру Ысык-Көл облусунда катталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Turmush басылмасы коронавирус Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна Нарын облусунан келген жумушчулардын биринен табылганын жазып чыкты.

«Жумушчу 1981-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну. Ал облуска таза суу тартуу долбоорунун негизинде 16 жумушчу менен бирге 4-майда келген. Буга чейин тапшырган экспресс-тестинин жыйынтыгы терс чыккан. Нарындан келген жумушчулар облуска киргенде Жети-Өгүз районунун обсервациясына жаткырылган. Алардан 7-майда кайра ПЧР тест алынып, кечээ, 8-майда, бир жумушчудан коронавирус аныкталган», -деп айтылат басылманын маалыматында.

Ал эми экинчи учур облуска Екатеринбургдан келген кыргыз жаранынан табылган. Жети-Өгүз районунун 42 жаштагы тургуну 28-апрель күнү Россиядан Кыргызстанга келген. Үч күн Бишкек шаарында обсервацияда болгон. Алгачкы анализи таза чыккан. Экинчи анализи 8-майда алынып, ал коронавирус бар экенин көрсөткөн. Учурда жаран Каракол шаарында обсервацияда жатат. Аны менен чогуу келген 6 киши да обсервацияда.

Ысык-Көл облусунда буга чейин 10 адамдан коронавирус аныкталып, баары сакайып, ооруканадан чыгарылган.